• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

З. Көчөрбаев: «Кырк чорого» милиция тарабынан кысым болгон жок

11 Жалган куран 201914:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.03.2019.Govori.TV.

«Кырк чоро» коомдук бирикмесинин башчысы Замирек Көчөрбаев милиция тарабынан эч кандай кысым болбогонун айтты.

Анын айтымында, «Мени чакырганын себеби 13-мартта боло турган иш-чара тууралуу маалыматтарды сурашты. Канча адам катышат, эмне талаптар коюлат, ушул тууралуу эле маектешүү болду»,-деди.

Эске салсак, бүгүн “Кырк чоронун” мүчөлөрү нааразычылык акцияга чыгып, алар феминисттерге марш өткөрүүгө уруксат берген Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылышкан.

Количество просмотров: 20