• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өз кызын зордуктап жүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

25 Бугу 202315:50 Бишкек Govori.TV

Сузакта өз кызын зордуктап жүргөн деген айып менен кармалган киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Мындай өкүм бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда чыккан. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Жактоочунун маалыматына ылайык, сот айыпталуучуга коюлган киненин баары далилденди деп чечти:

“Тергөө мезгилинде 42 эпизод боюнча айыбы угузулган – Кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 155-беренелеринин баары менен күнөөлүү деп табылды. Ар бири боюнча 15 жыл деп эсептеп, бардык кылмыштарды биротоло кошкондо өмүрүнүн аягына чейин деген жаза берди”, — деп билдирген ал.

Эске салсак, 43 жаштагы жергиликтүү тургун 19 жаштагы кызын жети жашынан бери зордуктап жүргөн деп шек саналып кармалганын райондук милиция быйыл 28-мартта билдирген.

Количество просмотров: 234