• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өз кызынан тажаган ата кызын чынжыр менен тушап койгон

12 Тогуздун айы 2018 12:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.10.2018.Govori.TV
Ошто кызын чынжыр менен бутунан байлап үйдө кармап келген кишиге карата кылмыш иши козголду.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы маалымат таратты.
Маалыматка караганда,  5-октябрда Ош шаарындагы эс алуу багынын биринде бутунда чынжыр байланган кыз жүргѳндүгү боюнча милицияга кабар түшкөн. Ал жерге ыкчам-тергөө тобу барып, тогуз жаштагы кыздын бутунда кулпу менен бекитилген чынжыр бар экендигин аныкташкан.
Тергѳѳдө маалым болгондой, кыз тушалган боюнча сыртка чыгып кеткен. Бир бутундагы чынжыр болт менен бекитилгендиктен аны оңой эле чыгарып алган. Ал эми экинчи бутундагы чынжыр кулпулангандыктан чыгара албай жүргѳн», — деп жазылат маалыматта. 
Ал эми кыздын атасы көчөгө чыкпасын деп чынжыр менен коркутуп коюу максатында тушап салганын айткан.
Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 161-беренеси (Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Кийинчерээк Ош шаарынын мэриясы 9 жаштагы кыз «Боорукердик» балдар үйүнө окуя болгон күнү, тактап айтканда 5-октябрда жайгаштырылганын турмуш сайты  жазып чыкты. Ал эми атасы аталык укуктан ажыратылышы мүмкүн экендигин айтышат.
Количество просмотров: 21