Марал радиосунун көрсөтүүсүндө маек берип жаткан депутат Тазабек Икрамовго коомчулуктун талкуусуна жем болгон жаңылыштыгы тууралуу суроо узатылып, журналист депутаттан ошол абалдан кантип чыкканына кызыкты.
Жооп берип жатып эл өкүлү мультфильмдеги каармандын атын туура эмес айтып, кайрадан эл оозуна алынды.
Чынын айтсам ошол убакта деле ага эч кандай маани берген эмесмин. Жанагы «Мауглиде» бар го «Аттила чалынып калды же жылыгып калды» деп шакалдар кыйкырып жүрө берет го, ошондой эле кабыл алдым. Себеби мен уяттуу нерсе кылган жокмун да, же бир жерде мас болуп же аянтка жылаңач чыгып алсам, уялсам болот эле», — деп жооп берди депутат.