Ак үйдүн алдында өзүн-өзү өрттөйм деп коркуткан жигиттин колундагы идиште суу болгон. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак үйдүн жанынан өтүп бара жаткан жарандар, колуна суюктук куюлган бөтөлкө кармап алып, өзүн өрттөйм деп коркутуп жаткан жаш жигитти көрүп, милицияга кабар беришкен.
«Окуя жерине келген милиция кызматкерлери ал жигит колунда кармап турган бөтөлкөдө суу болгонун аныкташкан. Кайгуул кызматкерлери аны кармабастан, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин кое беришти»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдында жаш жигит өзүн-өзү өрттөйм деп коркуткан. Ал жигит Ак үйдү оңдоону талап кылып, жумуш табууда кыйналып жатканын айтып арызданган.