Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open” атуу рейтингдик турнирде коло байгеге ээ болду.
Спортчу 97 кг чейинки салмак чен бирдигинде катышып, тилекке каршы биринчи кармашта украиналык балбанга жеңилип калган. Кийинки беттешинде алжирлик спортчуну артта калтырды. Ал эми коло медаль үчүн мелдешин польшалык Якуб Антожевски аттуу спортчу менен өткөрүп, 3-орунду багындыра алды.