• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

З. Рысалиев: Бабанов аман болсун…

11 Чын куран 201913:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.04.2019. Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Өмүрбек Бабанов тууралуу пикирин билдирүүдөн баш тарткандыгын таластык экени менен түшүндүрдү. «Мен эми таластыкмын да, мен айтсам эле «брат айтып жатат» дейт, мен айтпай эле коеюнчу» дейт эл өкүлү.

Эске салсак, «Республика» партиясы 13-апрелде саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын тынчтык митингин өткөрүү ниети боюнча Бишкек мэриясина кат жөнөткөн. Буга чейин аталган партиянын мурдагы лидери, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо утулуп, кийин Кыргызстандан чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга жакын арада келе турганын жарыялаган. Ал 13-апрелде Бишкекке учканга билет сатып алганын да «Фейсбуктагы» баракчасына жазган эле.

Количество просмотров: 23