Өзбекстандагы Самарканд шаарынын 72 жаштагы тургуну өзүнүн уулунун өмүрүн кыйган. Ал облустук сот тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылганын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады.
Тергөөдөгү маалыматтар боюнча, ата-баланын ортосундагы чыр 2020-жылдын 1-февралында Самарканддагы ресторандардын биринде башталган. Уруш үйдөн да уланып, уулу атасына карата жаман сөздөрдү айтуу менен өлтүрө турганын айтып коркуткан.
Айыпталуучунун айтымы боюнча, алардын үй-бүлөсү улуу кызынын туулган күнүн белгилешкен. Майрам өткөн жайды маркум ижарага алган. Куттуктоо үйдөн да уланып, ага айыпталуучунун жубайы, келини жана неберелери да катышкан.
Уруш учурунда уулу бир нече жолу өлтүрө турганын айтып коркутканын белгилеген айыпталуучу ашкана бычагы менен уулунун моюн тарабына сайган. Ал жерге кулап түшкөндөн кийин бетине, башына жана денесинин башка мүчөлөрүнө да бычак сайган.
Булак: Баракелде