Бишкек. 25.07.2019. Govori.TV
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын жетекчиси Мартин Негеле менен анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту.
Замирбек Аскаров Мартина Негеле мырзага Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын (ЭФК) жетекчиси кызматында аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал ЭФКнын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу, орто жана чакан бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча кошкон чоң салымын жана көмөгүн белгилеп өттү.
«Сиздердин корпорациянын биздин өлкөдө «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында диализ борборлорун уюштуруу» биринчи МЖӨ долбоору даярдоо жана ишке ашырууда көрсөткөн жардамын белгилеп кетким келет. Мындай жабдууларга муктаждар үчүн бул чоң белек болду», – деди вице-премьер.
Аскаров Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ыраазычылык билдирип, кесиптик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Маалымдама: Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын артыкчылыктуу багыты катары өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана ишке орноштуруу мүмкүндүктөрүн жакшыртуу максатында жеке секторду өнүктүрүүгө жана диверсификациялоого колдоо көрсөтүү саналат. ЭФК компаниялардын операциялык ишмердүүлүгүн жакшыртууга, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана орто жана чакан бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Кыргыз Республикасы ЭФК кошулган 1993-жылдан бери корпорациянын жеке фондунан бакнтык, микрофинансылык, тоо-кен, айыл чарба жана целлюлоза-кагаз чөйрөсүндөгү 36 долбоорду каржылоого 117,7 млн АКШ доллары бөлүнгөн. 2014-жылдын 30-июнуна карата Кыргыз Республикасындагы ЭФК портфели 30,5 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинде финансы жана реалдуу секторлоргоо инвестициялар бар. Мартин Негеле Кыргызстандагы Эл аралык финансы корпорациясын 2014-жылдан бери жетектеп келген.