Бишкек. 31.07.2019. Govori.TV
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу сурак берген парламенттеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы жакшы.
Белгилүү болгондой ал Бишкектин чет жагындагы Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз улуттук курортология институтунан ушул дүйшөмбүдө, 29-июлда чыккан. Депутаты 21 күн дарыланды.
Маалымат иретинде айтсак, Азиз Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Рысалиев быйыл 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин 2-июлда Таш-Дөбөгө которулган болчу.