• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өзбекстан Кыргызстанга азык-түлүк жардамын жөнөттү

18 Жетинин айы 2020 15:45 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Кыргызстанга азык-түлүк жардамын жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, коронавируска каршы күрөшкө жардам иретинде 3 000 тонна буудай темир жол менен жөнөтүлгөн. 17-ноябрда аны кыргыз тарап Ош шаарындагы станциядан тосуп алды.

Мындан тышкары, жакынкы арада Өзбекстан Бишкекте жана Баткендин Кадамжай районунда 400 орундук инфекциялык оорукана куруу үчүн модулдук курулуш конструкцияларын жөнөтөрүн билдирди.

Эки өлкө буга чейин да бири-бирине гуманитардык жардам көрсөтүп келген

Количество просмотров: 21