• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстан Орусиядан Ми-35М үлгүсүндөгү төрт аскердик тик учак алды

14 Бирдин айы 2020 10:11 Бишкек Govori.TV

Орусиядан Ми-35М үлгүсүндөгү төрт аскердик тик учак алды. Бул тууралуу «Ташкент жаңылыктары» Телеграм-каналы кабарлады.

Буга чейин Орусиянын «Новая газета» басылмасы 2019-жылдын төртүнчү кварталында Өзбекстанга төрт Ми-35М тик учагы, 2020-жылы сегиз тик учак жеткирилерин жазган.

Транспорттук-аскердик тик учак заманбап курал-жарактар менен жабдылган жана аба ырайынын түрдүү шартында күнү-түнү согуштук милдеттерди аткарууга ылайыкташкан. Ми-35М учагынын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири — ал жүк кабинасында адамдар менен аскер жабдыктарын ташуу мүмкүндүгүнө да ээ.

Количество просмотров: 143