• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады

24 Теке 201914:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубаттык жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, достукту жана ынак кошуналык мамилелерди бекемдөөгө кошкон олуттуу салымын белгиленди.

Мамлекеттер башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты, өз ара аракеттешүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-өзбек мамилелеринин ыкчам өнүгүп жаткандыгын белгилешти.

Количество просмотров: 13