• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өзбекстанда 22 жаштагы шектүү тергөө абагында каза болду

6 Бештин айы 2023 17:03 Бишкек Govori.TV

1-декабрда Ташкент облусундагы Чирчик шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагында 22 жаштагы тургун асынып турган жеринен табылды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Жахонгир Туляганов Facebook баракчасына жазды.

Расмий маалыматка ылайык, А.У. аттуу жаран уурулукка жана алдамчылыкка шектелип 30-ноябрда кармалган.

«Кылмыш иши боюнча тергөө абагында камакта отурган А.У. 1-декабрь күнү түнкү саат 2:30дарда шейшепти мойнуна ороп, экинчи учун терезедеги темир тосмолорго байлап, асынып алган», – деп жазылган расмий билдирүүдө.

Соттук-медициналык экспертизанын алдын-ала чыгарган корутундусунда маркум моюну катуу кысылгандан улам өлгөнү жазылган.

«Озодлик» радиосу редакцияга келип түшкөн сүрөт жана видеотасмаларга таянып, маркумдун денесинде жаракаттары болгонун жазды.

Жакындары соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен макул болбой, 2-декабрда А.Унун сөөгүн жерге берүүдөн баш тартышкан. Алар анын муруну сынып, денесинде кыйноонун белгилери болгонун айтышкан. Мындан соң маркумдун туугандарына тергөө абагындагы видеобайкоо камераларына тартылган түнкү окуялардын видеосун жөнөтүшкөн. А.У ошол эле күнү кечинде жерге берилген.

Ташкент облустук ички иштер башкармалыгы тергөө абагындагы өлүм фактысы боюнча райондук прокуратура тергөө иштерин баштаганын билдирди.

Укук коргоочулардын айтымында, абактын жетекчилиги маркум өз жанын кыйган күндө да жоопкерчиликке тартылышы керек. Анткени алар шектүү катары кармалган ар бир адамдын коопсуз кармалышы жана аны суицидге түрткөн факторлор үчүн жооптуу болушат.

Бул акыркы алты айдын ичинде Чирчик шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагында шектүү каза болгон экинчи учур болуп калды.

Эл аралык уюмдар көптөгөн жылдардан бери Өзбекстандын өкмөтүн кыйноолорду токтотууга чакырып келишет. Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун быйыл майда жарыяланган баяндамасында Өзбекстандын тергөө абактары менен түрмөлөрүндө дале болсо камактагыларды кыйноо жана катаал мамиле кылуу тажрыйбасы кеңири колдонулары жазылган.

Количество просмотров: 90