• Бейшемби 9 Бештин айы 2021

Өзбекстанда азык-түлүк товарлары кымбаттоодо

12 ноября 2021 в 16:49 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө азык-түлүк товарларынын баасы бир жылда 14,4%, акыркы он айда 7,3% өскөн.

Статистика комитети бул 2019-2020-жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу аз көрсөткүч экенин билдирди. 2019-жылы азык-түлүк товарлары 19,5%, 2020-жылы 17% жогорулаган. Расмий мониторингге караганда, октябрда азык-түлүк баасы орто эсеп менен 1,9%, күнүмдүк тиричилик товарлары 1,1%, кызмат көрсөтүү акысы 0,5% көбөйгөн.

Ушул тапта Өзбекстанда инфляциянын деңгээли 10,6%. 11-ноябрда Өзбекстандын бир катар банктарында доллардын наркы жогорулаган. Өзбекстандын коммерциялык банктары 1 долларды 10 710 (84,40 сом) сумга сатып алып, 10 770 (84,87) сумга сатууда. Бул жаңы максималдык чек. Алмаштыруу курсунун буга чейинки рекорду дээрлик эки ай мурун белгиленген. 16-сентябрда 1 доллар 10 760 сумга чейин көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 340

Парламенттик шайлоо
Бирдиктүү шайлоо округу

«ЫЙМАН НУРУ»

79 489
6.15%

«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН»

90 861
7.03%

«АЛЬЯНС»

107 587
8.32%

«ЫНТЫМАК»

142 128
10.99%

«ИШЕНИМ»

176 146
13.62%

«АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН»

223 773
17.30%

Биздин команда