• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстанда блогер 10 суткага камалды

27 Бирдин айы 2024 9:01 Бишкек Govori.TV

TikTok жана YouTube платформаларында Sardor gangster деген каймана ысым менен белгилүү өзбекстандык блогер Сардор Сафарбоев 10 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Кашкадарыя облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, укук коргоо кызматкерлери блогерди тарткан контентине байланыштуу кармаган. Билдирүүдө буга анын кайсы видеосу себеп болгону жазылган эмес. Бирок Сафарбоев буга чейин TikTok (630 миңге жакын катталуучусу бар) жана YouTube платформаларына бир катар чагымчыл мүнөздөгү роликтерди жарыялап келген.

Сафарбоевге Административдик кодекстин «Майда бейбаштык» жана «Улут, раса же дин аралык кастыкты козутууну пропагандалаган материалдарды даярдоо, сактоо жана жайылтуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Иштин материалдарында 26 жаштагы Сардор Сафарбоев убактылуу жумушсуз экени жана буга чейин да административдик жоопкерчиликке тартылганы жазылган.

Быйыл 29-январда Өзбекстандын Нишан райондук соту 49 жаштагы намангандык блогер Абдулхаким Абжалиловду «Опузалап акча талап кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 71