• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Өзбекстанда чиновниктер тизеден суу кечкенден кийин колдоруна кесек топуракты көтөрүп турушкан

2 Жетинин айы 2018 9:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.11.2018. Govori.TV
Буга чейин Өзбекстандын маалымат каражаттарында Ташкент облусунун Аккурган районунда ферма жетекчилери жана Айыл чарба министрлигинин өкүлү арыктагы сууну тизеден кесип турган сүрөтү жарыяланып, талкууга алынган. Маалым болгондой, анда Өзбекстандын ошол кездеги вице-премьер министри Зойир Мирзаев аларды эгин талааларына суу жеткирбегендиги үчүн ушундай жол менен жазалаган.
Кийин ушул эле алты чиновниктин колдоруна кесек көтөрүп турган сүрөтү жарыяланды. Окуяга күбө болгондордун бири «ошол күнү Мирзаев буудай талаасына да барган. Ал жерде талкаланбай жаткан кесектерди көрүп ачуусу келген» деп билдирген.
«Эмнеге силер жерди жакшылап жумшарткан жоксуңар, эмнеге кесек топуракты талкалабай туруп буудайды септиңер?» деп кыйкырып, жергиликтүү жетекчилерди тилдей баштады. Андан кийин алты кызматкерге тең жерден талкаланбаган кесек топуракты колдоруна алып, көтөрүп турууну буюрду», — деп айткан райондук администрацияда иштеген, окуяга күбө болгон адам.
Анын айтымында, Мирзаев аларды сүрөткө тартууну буюруп, райондогу жетекчилерге жөнөтүүнү тапшырган. Ал сүрөт бардык жетекчилерге сабак боло тургандыгын айтканы жазылат маалыматта. Мындай көрүнүш Ташкент облусундагы Бекабад районундагы «Баатыр Малик» чарбасынын буудай талаасында болгон. Райондук администрациянын Суу чарба бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Бердикулов да «жазалангандардын» арасында болгон. Алар өзүнүн «жазаланышын» негизсиз деп эсептегенин билдирген.
«Эгин талаасынын абалы чын эле жакшы эмес болчу. Бирок мен райондогу айдоо талааларына суу жеткирүү менен алектенем. Эгин талаадагы кесек топурактын майдаланбагандыгы үчүн мени кошо жазалады. Биз колубуздагы кесектерди сүрөткө тарткандан кийин гана таштадык», — деген Бердикулов.
Жер кадастры боюнча райондук бөлүмдүн башчысы Абдулла Умаров бул окуядан кийин кызматынан өз ыктыяры менен кетип калган.
Булак: super.kg
Количество просмотров: 34