• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кызды кордоп, тоноп, зордуктагандан кийин дос болууну сунуштаган күнөлүү кандай жаза алды?

7 Аяк оона 2018 17:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.09.2018. Govori.TV
Бишкектин Биринчи май райондук соту кыз зордуктоо боюнча айыпталып жаткан Эрниске (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Соттун токтомундагы маалымат боюнча, айыпталуучу жыныстык катнашка чейин кызды ар кандай жолдор менен кордогон. Бул туурасында “Turmush”-басылмасы жазып чыкты.
Эрниске тагылган айып:
Жаш Гвардия бульвары менен Көк-Сай көчөлөрүнүн кесилишиндеги паркта саат 22:00 чамасында Камиллага (ысымы өзгөртүлдү) бычак менен кол салып, тумчуктуруп, анын алтын сөйкөсүн, уюлдук телефонун жана жанындагы 4,5 миң сом акчасын тартып алган. Муну менен токтоп калбастан Чоң Чүй каналына алып барып, физикалык күч колдонуу менен тумчуктуруп, төш тарапка ургулап, зордуктаган.
Айыпталуучунун көрсөтмөсү:
Эрнис күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, жабырлануучу менен 2-март күнү Жаш Гвардия бульварында таанышып, андан бери аны менен турмуш куруу максатында сүйлөшүп жүргөн. Окуя болгон күнү Камилла телефон чалып, жолугушууга чакырган. Алар 1,5 сааттай убакыт сүйлөшүп туруп, андан кийин кызды үйүнө жеткирип койгон. Ага эч кандай күч колдонгон жок жана зордуктаган эмес.
Жабырлануучунун көрсөтмөсү:
20-мартта саат 21:50дө жумушунан чыгып, үйүн көздөй бара жатканда белгисиз эркек киши аны тумчуктурган. Ал жардам сурап кыйкырууга аракет кылганда кол салган киши эгерде кыйкырса өлтүрүп, Чоң Чүй каналынын суусуна агызып жиберерин айтып коркуткан.
Кызды жерден тургузган киши андан жыныстык катнашта болууну талап кылган. Ошол учурда унаа пайда болуп, кыз ал унаа тарапка качып кетүүгө жетишкен. Бирок ал эшикти ачканда айдоочу газды басып, ал жерге кулап түшкөн.
Бул учурда Эрнис жетип барып, бычагы менен өлтүрө турганын айтып коркутуп, сөйкөсүн, телефонун жана 4,5 миң сомун тартып алган. Андан кийин паркка алып кирип, кол көтөрүп, шымын чечүүнү талап кылып, зордуктаган. Андан кийин дос болууну сунуштап, ага макул болсо бул окуяны эч кимге билдирбей турганын айткан.
Эрнис бул окуядан кийин кызды үйүнө жеткирип, жолдон өзү тууралуу айтып берген. Үйүнө жеткенден кийин телефонун кайтарып берип, байланыша турганын айткан. Ал эми жабырлануучу үйүнө киргенде окуяны эжесине билдирип, ал номурду өчүрүп, милицияга кайрылбоону сунуштаган.
Эрнис түн ичинде кайрадан кызга байланышка чыгып, эртең менен жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Ал айыпталуучудан моралдык чыгым үчүн 100 миң сом жана материалдык чыгым үчүн 9,5 миң сом талап кылды.
Соттун өкүмү:
Сот Эрнисти күнөөлүү деп таап, үй мүлкүн конфискациялоо менен 17 жылга эркиндигинен ажыратты. Ошондой эле жабырлануучуга моралдык чыгым үчүн 50 миң сом жана материалдык чыгым үчүн 9,5 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Количество просмотров: 38