• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Өзбекстанда күйүүчү май өндүрүшү азайды

21 Аяк оона 201912:37 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл бензин өндүрүшү 11,1 пайызга азайды.

Өлкөнүн Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылдын январь-август айларында өлкөдө 764,1 миң тонна бензин өндүрүлсө, быйыл алгачкы сегиз айда бул көрсөткүч 679,5 миң тоннаны түздү.

Мындан тышкары өлкөдө дизель майынын өндүрүшү да азайган. Былтыркы жылдын сегиз айына салыштырмалуу ал төрт пайызга кыскарып, быйыл 701 200 тонна өндүрүлгөн.

2018-жылдын январь-август айларында мунай өндүрүшү дээрлик 500 000 тоннаны түзсө, быйыл бул көрсөткүч 467 200 тоннага гана жетип, 6,5 пайызга аз өндүрүлгөн.

Количество просмотров: 43