• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Өзбекстанда кримтөбөл атыккан “Салимбай байбача” 6 жылга соттолду

25 Жалган куран 202410:56 Бишкек Govori.TV

“Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары Салим Абдувалиев 6 жылга соттолду. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

Мындай чечим 19-март күнү Ташкенттин Мирабад райондук соту тарабынан кабыл алынган. Ага Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылган. байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

Салим Абдувалиев 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган.

Количество просмотров: 94