• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өзбекстанда кыргызстандык сиам эгиздерин ажыратуу боюнча операция ийгиликтүү өттү

20 Үчтүн айы 2023 12:06 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда кыргызстандык сиам эгиздерин ажыратуу боюнча операция ийгиликтүү өттү. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, мындай операция өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жасалды.

Белгилүү болгондой, Ош шаарынан жаш ата-энелер былтыр июнь айында медициналык жардам сурап Өзбекстандындын перинаталдык борборунун алдындагы неонаталдык хирургия окуу-методикалык борборуна кайрылышкан.

“Аялда патология кош бойлуулуктун 28-жумасында аныкталган. Ал Бишкекке экспертизага жөнөтүлгөн. 29-жумада төрөт кесарево жолу менен жасалган. Төрөлгөндө жалпы салмагы 1600 грамм болгон ымыркайларга Фатима жана Зухра деген ысым ыйгарылган.

Операция учурунда боордон жана башка тамырлардан кан агуунун алдын алуу үчүн УЗИ жана аргон скальпель, ошондой эле заманбап кан токтотуучу bloodstop деп аталган материал колдонулган. Жыйынтыгында балдар аз кан агуу менен бөлүнгөн. Бактыга жараша сиам эгиздеринин өт баштыкчалары өзүнчө түзүлүп калган экен. Бул эки дене бөлүнгөндө да өт баштыкчалары өз милдетин эч кандай кыйынчылыксыз аткарышын камсыз кылды», — деп белгилешти өзбекстандык дарыгерлер.

Адистер балдардын абалын туруктуу деп баалап жатышат.

Количество просмотров: 206