• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстанда оппозициялык партиянын тарапташы 10 суткага камакка алынды

21 Теке 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Ташкент облусунда жашаган ата-бала каттоодон өтпөгөн «Хакикат ва Тараккиёт» («Акыйкат жана өнүгүү») партиясынын мүчөсү болгону үчүн жазаланды. Бул тууралуу аталган партиянын башчысы Хидирназар Аллакулов билдирди.

Анын айтымында, ушул күндөрү 52 жаштагы Ахрор Махмудов 10 күндүк административдик жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Анын 29 жаштагы уулу Аброр Атажанов апрелде жети күн камакта отуруп чыккан.

Сот өкүмдөрүнө ылайык, Атажанов «Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо» жана «Милиция кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Анын айтымында, азыр атасы да ушундай эле айыптоолор менен камакта отурат. Анын кармалышына 9-июлда Чиназ райондук ички иштер башкармалыгынын алдындагы окуя себеп болгон. Ал башка жергиликтүү тургундар менен суракка чакырылгандан кийин үйүнө келбеген блогер Зафар Саидахмедовду бошотууну талап кылып барышкан.

– Эртеси уулумдун ал-жайын билүү үчүн жакындарым менен ички иштер башкармалыгына бардык. Алардын арасында Ахрор Махмудов да бар болчу. Бирок бизди имараттын короосуна киргизбей коюшту. Мен жерден кичинекей таш алып, аны менен дарбазаны ургулап, андан соң дарбазанын ичине ыргыткам. Ошол маалда Ахрор Махмудов четте туруп бул көрүнүштү видеого тартып жаткан. Кийин анын камакка алынганы белгилүү болду, – деди блогердин апасы Шахло Журабекова.

Расмий түрдө Зафар Саидамехдов «Ахмадбай» каржы пирамидасынын негиздөөчүсү Ахмад Турсунбаевдин иши боюнча кармалганы кабарланды. Бирок Журабекова блогер уулу социалдык түйүндөрдөгү сынчыл пикирлери үчүн камалган деп эсептөөдө.

«Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын лидери Хидирназар Аллакулов ал Ахрора Махмудов менен анын уулу Аброр Атажановдун иштери тууралуу кабардар экенин билдирди.

– 19-июлда Махмудовдун иши боюнча апелляциялык сот болуп, мурдагы соттун чечими өзгөрүүсүз калтырылды. Ошол эле күнү блогер Озодбек Курбановдун иши боюнча сот болуп, ал 15 суткага камакка алынды. Бул соттор жабык өтүп, айыпталуучулар сотко жеткирилген жок, бизди да киргизбей коюшту. Биздин партиянын активисттеринин жана блогерлердин соттору Сталиндин тушундагы сотторду элестетип жатат, – деди Аллакулов.

Быйыл 21-июнда Өзбекстандын Юстиция министрлиги «Акыйкат жана өнүгүү» партиясын каттоодон баш тарткан. Мекеме мындай чечимин партияга кирүүгө ниеттенген жарандардын кол тамгаларынын аз экени менен түшүндүргөн.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өтөт. Былтыр июнь айында Хидирназар Аллакулов президенттик шайлоодо талапкерлигин коюуга ниеттенип жатканын билдирген.

Количество просмотров: 95