Бишкек.27.08.2019.Govori.TV.
Өзбекстанда 2019-жылдын 22-декабрында парламенттик, облустук, шаардык жана райондук кеңештерге шайлоо өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаломов билдиргендигин чет элдик басылмалар жазды.
Маалым болгондой, шайлоого Өзбекстанда расмий түрдө катталган беш саясий партия катышат. Алар: «Адилет» социал- демократиялык партиясы, Либерал-демократиялык партиясы, Улуттук кайра жаралуу партиясы жана Элдик-демократия партиясы.
“Өзбекстандагы парламенттик шайлоодо орто эсеп менен 21 миллион шайлоочу 150 эл өкүлүн шайлаш үчүн өз добуштарын беришет. Андан тышкары, Шайлоого 40тан ашуун өлкөдөн 300гө жакын байкоочу көз салат”,-деп айтылат маалыматта.