• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өзбекстанда тинтүү маалында бажычынын үйүнөн 311 миң доллар табылды

9 Жетинин айы 2020 15:23 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда «Арк-Булак» бажы бекетинин башчысынын үйүндө тинтүү жүрүп, 311 миң доллар табылды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Нигматилла Юлдашевге шилтеме кылып жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Юлдашевдин айтымында, бажычылар «Арк-Булак» бекетинде өлкөгө кирип жаткан товарлардын баасын төмөндөтүп жазып, бул үчүн пара алып келишкен. Жыйынтыгында мамлекетке 9 миллиард сум (870 миң доллар) зыян келтирилген.

Тергөөнүн алкагында бажы бекетинин башчысынын үйүндө тинтүү жүрүп, пара катары алган делген 311 миң доллар табылган.

Мындан тышкары ал пара катары алган акчага Ташкент облусунун Бостанлык районуна үй куруп, «Ташкент-Сити» комплексинен эки батир жана кыймылсыз мүлк сатып алганы аныкталган.

Количество просмотров: 60