Өзбекстандык мушкер Ситора Турдибекова Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Тайвандын өкүлү Лин Ютинг менен беттешти. Тагыраагы, Эл аралык бокс ассоциациясы тарабынан дүйнө чемпионатынан четтетилген Лин Ютинге каршы рингге чыкты.
2023-жылы Лин Ютинг Эл аралык бокс ассоциациясы тарабынан Индияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда талаптарга жооп бербегендиктен убактылуу четтетилген. Себеби, гендердик тесттин жыйынтыгында спортчунун XY хромосомалары (эркек хромосома) бар экени далилденген.
2024-жылы Эл аралык Олимпиада комитети Лин Ютинди аялдар арасындагы мелдешке киргизген. Турдибекова менен Ютин 57 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалда таймашып, Ютинг 5:0 эсебинде жеңишке жетти.
Ага чейин гендердик тесттен өтпөй калган алжирдик спортчу италиялык кызды 46 секундада утуп коомчулукта чуу, наразалык жараткан. Эл аралык Олимпиада комитетинине Иман Хелиф менен Линь Юйтинди беттештерге чыгарууга уруксат бергени дүйнө коомчулугунда нааразычылык жараткан.
Бирок, аталган комитет Хелиф менен Юйтин «паспорт боюнча аял» экенин, Олимпиада катышуу эрежелерине туура келишерин билдирип, аларга карата сындарды «стигматизация» деп аташкан.
Ал арада Венгриянын Олимпиадалык комитети Эл аралык Олимпиадалык комитетке арыз менен кайрылып, аялдар аялдык биологиялык өзгөчөлүктөрү бар атаандаштар менен гана беттешке чыгышын талап кылды.