• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өзбекстандын Арал Пайгамбар аймагында 24 ооган жараны кармалды

23 Баш оона 2022 15:38 Бишкек Govori.TV

21-августта Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Амударыя дарыясында мамлекеттик чек араны бузуп, аралга кайыктар менен келген ооган жарандары байкалган.

Алар Өзбекстандын чек ара кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Өзбекстандын Чек ара кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында Өзбекстандын чек арасын бузуп кирген 24 кишинин баары кармалган. Алардын тек жайы аныкталып, тергөө иштери башталары кабарлады.

Сурактын жүрүшүндө ооган жарандары аралчага кызыл мыянын тамырын казуу үчүн келишкени аныкталды. Бул өсүмдүк Өзбекстандын чек ара аймактарында көп өсөт.

Билдирүүдө Арал Пайгамбар аймагы Өзбекстандын Чек ара аскер бөлүгүнүн толук көзөмөлүндө экени белгиленген.

Количество просмотров: 198