Бишкек.01.08.2019.Govori.TV
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди.
«Манас» эл аралык аэропортунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.
Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.
Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.