• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзбекстандын премьер-министри Акылбек Жапаровду кызматка дайындалышы менен куттуктады

14 Тогуздун айы 202117:33 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү.  

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри белгилегендей, өлкө жетекчиси жана парламенти тарабынан Акылбек Жапаровго көрсөтүлгөн жогорку ишеним анын натыйжалуу эмгек ишмердүүлүгүнүн татыктуу баалангандыгынын далили болуп саналат. 

«Биргелешкен күч-аракеттер аркылуу бизин өлкөлөрүбүздүн жана элибиздин бакубаттуулугу үчүн өзбек-кыргыз өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого жетишебиз деп ишенем», – деди ал.  

Арипов Акылбек Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 159