• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өзбекстандын президенти Мирзиеев  камактагы 136 кишиге ырайым кылды

9 Бештин айы 2018 15:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.12.2018. Govori.TV
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Конституциянын кабыл алынганынын 26 жылдыгына карата 136 соттолгон кишиге ырайым кылды. Мирзиеевдин 7-декабрда кол койгон буйругуна ылайык, 98 киши эркиндикке чыгат. Маалыматка ылайык, ырайым кылынгандардын 62 тыюу салынган уюмдардын мурдагы өкүлдөрү болгон.
Эске салсак, өткөн жылы президент 2700 кишиге ырайым кылган. Ал эми ушул жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата 261 кишиге ырайым кылган болчу.
Количество просмотров: 21