Садыр Жапаров боюнча сотко көрсөтмө бере албайм. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында айтты.
Эске салсак, саясий туткун Садыр Жапаров ырайым сурап президентке кайрылган, бирок президенттен жооп боло электигин жактоочусу айтып келген эле.
Садыр Жапаров боюнча мен популисттик кылып сотко «мындай же тигиндей кыл» деп айтканым туура эмес. Сот системасы — мамлекеттин өзөгү. Бул системаны реформа кылып тазалайбыз деп айтып келебиз. Арыз бериптир, маселе каралып жатат. Кандай чечилерин кийин угасыздар», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Президент өзү кызматка келгенде көп саясатчылар түрмөдө отурганын, ага бир топ жактоочулар кайрылып турганын билдирди. Ошондой эле сот бардык чечимди өзү кабыл аларын, анын жыйынтыгы менен таза жарандар эркиндикке чыгып жатканын кошумчалады.