• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Өзбекстандын президентин кайтара турган жаңы кызмат түзүлдү

27 Баш оона 201920:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.08.2019. Govori.TV

 Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди кайтара турган жаңы кызмат түзүлдү. Аталышы — Президенттин коопсуздугу боюнча мамлекеттик кызмат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Мурда бул милдетти Улуттук коопсуздук комитети аткарчу.

«Жаңы ведомство бир гана өлкө башчыны кайтарбастан, анын үй-бүлө мүчөлөрүн жана Өзбекстанга расмий иш сапары менен келген башка өлкөлөрдүн президенттеринин коопсуздугун карамакчы. Ошондой эле алардын көзөмөлүндө Мирзиёев дайыма иштеген жана убактылуу барган объектилер болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган кызмат президенттин токтому менен 2018-жылдын 21-февралында түзүлө баштаган.

Количество просмотров: 20