• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстанга 78 баш малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган адам кармалды

1 Баш оона 2022 9:16 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Өзбекстанга 78 баш майда жандыкты мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Аксы районундагы Ак-Дөбө айылынын 1998-жылы туулган тургуну А. у. Н. чек арадан айдап өтүүгө аракет кылган малдын болжолдуу баасы 780 миң сомду түзгөн.

Чек арачылар тиешелүү документтерди толтургандан кийин кармалган адам менен ал айдап өтүүгө аракет кылган малды андан аркы териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп беришти.

24-июлда Аксы районунда Өзбекстанга 36 баш майда жандыкты мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган үч киши кармалганы кабарланган.

Количество просмотров: 150