• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырып, акча талап кылгандар кармалды

11 Баш оона 2023 12:31 Бишкек Govori.TV

 Өзүлөрүн Ички иштер министрлигинин кызматкерибиз деп тааныштырып, жарандардан акча талап кылгандар кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 8-августта УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара талап кылуу») фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, өзүлөрүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери катары системалуу негизде жарандардан опузалап акча талап кылуу менен алектенип жүргөн бир топ жарандар кармалды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жогоруда 6 жарандан турган аталган жарандардын тобу өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлерибиз деп тааныштырышып бир жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жолу менен ошондой эле интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтабыз деп шантаж кылып, 300 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Ошентип, 8-августтта бул кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилген. Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылып алынган.

Учурда УКМК тарабынан бул кылмыш ишинин шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулду.

Ошол эле учурда ушул сыяктуу кылмыштын түрлөрүнөн жапа чеккен жарандарды УКМКнын (0312) 66-04-75 телефондоруна билдирип кайрылууну өтүнөбүз. Анонимдүүлүкө кепилдик берилет.

Количество просмотров: 91