• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Зеленский 15 губернаторду кызматтан алып, башкы прокурор жана тышкы иштер министрин бошотуу боюнча чечкиндүү кадамга барууда

11 Кулжа 201921:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

Украинанын Президенти Владимир Зеленский бүгүн 15 облусттун башчыларын кызматтан четтети. Бул туурасында,президенттик аппаратын башчысынын орун басары Руслан Рябошапка билдирди.

Буга ылайык, Черниговск, Хмельницк, Херсонск, Тернопольск, Сумск, Полтавск, Одесса, Николаевск, Львовск, Кировоградск, Киев, Ивано-Франковск, Запорожск, Закарпатск жана Волынск облусттарынын администрация башчылары кызматынан бошотулду.

Ошол эле учурда контрабанга арашкан деген айып менен Зеленский Одесса, Львовск, Винницк, Закарпатск жана Черновицк областтарынын атайын кызматтарынын башчыларын жумуштан алды.

Ушул эле күнү президент Радага Украинанын ички иштер жана тышкы иштер министрлерин, ошондой эле башкы прокурорду элеген кызматтарынан бошотуу боюнча документтерди жөнөттү.

Украинанын Тышкы иштер министри кызматын
Павел Климкин аркалайт. Аны кызматтан алуу боюнча Президенттин аракетин Жогорку Рада четке кагып колдобой койгон. Зеленский тышкы иштер министри катары Вадим Пристайкону көргүсү келгенин жашырган эмес.

Ал эми башкы прокурорду кызматтан кетирүү демилгесин Рябошапка төмөндөгүдөй түшүндүрдү. «Прокурор жөнүндөгү мыйзамдагы нормада Башкы прокурор юридикалык билими бар, бул тармакта иш тажрыйбасы жетиштүү адам гана боло алат деп көрсөтүлгөн».

Мындан сырткары Украинанын Коопсуздук кызматынын башчылыгына АлександрТурчиновдун ордуна Зеленский Владислав Бухаревду сунуштоодо. Ал Жогорку Радада «Батькивщина» фракциянан депутат болгон.








Количество просмотров: 11