• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Зеленский алгачкы расмий сапарын Брюсселден баштайт

29 Бугу 201913:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.

Украина президенти Владимир Зеленский президент катары чет өлкөгө болгон алгачкы сапарын Брюсселден баштайт. Ал 4-5-июнь күндөрү расмий сапар менен аталган өлкөгө барары айтылууда. Бул тууралуу «Интерфакс-Украина» агенттиги билдирди.

Зеленский Брюсселде Европалык комиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер жана Европа биримдигинин президенти Дональд Туск менен жолугат. Ошондой эле, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эске сала кетсек, Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский 20-майда ант берип, президенттик кызматка расмий киришкен.

Количество просмотров: 20