• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Зеленский бир күн кечке журналисттер менен жолугушуп, суроолоруна жооп берди

10 Тогуздун айы 201917:46 Бишкек Govori.TV

Украина президенти Владимир Зеленский 10-октябрда өзгөчө форматтагы жолугушуу өткөрдү. Өлкө башчы бир күн кечке журналисттер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жолугушуу «Арсенал» заводунун имаратындагы «Food Market» тамактануучу жайында өттү. Анда президент он журналисттен куралган топтордун ар бири менен 40 мүнөттөн сүйлөшүп жатты.

Ал Донбасс тууралуу суроого жооп берип жатып, анын эң башкы максаты — тынчтыкка жетишүү экенин баса белгиледи. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен болгон телефондук сүйлөшүүсү тууралуу комментарийинде ал «АКШ Украинадагы коррупциядан чарчаган түрү бар» деп айтты.

Зеленский ошондой эле Трамп ага эч кандай басым кылбаганын кошумчалады. Ал бийлик «Штайнмайер формуласын» элге жеткиликтүү түшүндүрбөгөнүн мойнуна алды.

Соңку күндөрү ушул «формуладан» улам Украинанын ар кайсы аймактарында нааразылык акциялары тутанган. Ошону менен катар Зеленский менен Трамптын телефондук сүйлөшүүсү АКШда саясий чуу жараткан жана президентке импичмент жарыялоо жараянына негиз болгон.

Количество просмотров: 56