• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Зеленский Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин Тынчтык саммитине чакырды

24 Бугу 2024 20:55 Бишкек Govori.TV

Украинанын президенти Владимир Зеленский Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айтты. Мындай пикирин ал 24-майда Харьков шаарында борбор азиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифинг маалында “Азаттыктын” журналистинин региондогу беш мамлекет менен Украинанын мамилеси тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Силердин лидерлерде баланс жоктой. Менимче, алар Кремлден корккону үчүн орустар тарапка ооп турушат. Түшүндүрө кетейин… Бул жеке пикирим деп үмүттөнөм. Кимдир бирөөгө доомат артпайм. Маселен, биз тынчтык саммитин уюштуруп жатабыз. Биз алгачкы кадамдарды жасоодобуз. Алар там-туң баскан баланыкындай. Ишенимсиз, бирок колдоого муктаж. Алар согушту көздөбөйт. Алар алдыга, тынчтыкка гана умтулат. Мына, силерге мисал. Биз бардык лидерлерди чакырып жатабыз, баарын. Алардын кызыкчылыгы ар кандай, санкция киргизгендери бар, киргизбегендери бар. Борбор Азия лидерлерин да чакырдык. Биз аларды бул саммитте көргүбүз келет. Бул жерде эмнеден коркушат? Ал жерде Путиндин жок болушу гана коркунуч жаратат. Эмне, алар келип койсо, Путин Борбор Азиянын бир мамлекетине танктары менен жөнөйбү? Жок, бул аздык кылат. Алар Кремл менен азыркы алакасын жоготуп алуудан коркот. Бул согуштун аякташына жардам бербейт. Кудай сактасын, элестетип көрсөңөр, биздин позицияда болсоңор, колдоо көрсөтпөгөн, кошулбаган өлкөлөргө кандай карайт элеңер? Өкмөттөр санкция киргизет, бирок саммит бул тынчтык тууралуу, бул диалог тууралуу. Кайсы бир агрессорго каршы согушта жалгыз экениңерди элестетип көрсөңөр. Менимче бул алсыздык. Мен Борбор Азиянын бардык лидерлери сөзсүз болуп, бул окуяны колдоп коюшун каалайт элем», — деди Зеленский.

15-16-июнь күндөрү Киевдин демилгеси менен Швейцарияда Тынчтык саммити өтөт. Анын катышуучулары Зеленский сунуштаган «тынчтык формуласын» жана башка маселелерди талкуулашат. Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган. Алардын ичинде «Чоң жетиге» кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакыртылган эмес.

Зеленский менен брифингге өзбекстандык, казакстандык жана кыргызстандык журналисттер катышты.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 153