• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Зеленский Иран сунуштаган компенсациядан баш тартты

3 Бирдин айы 2020 11:39 Бишкек Govori.TV

Иран өлкөсү Тегеран шаарындагы учак кырсыгынан каза болгон украиналыктардын үй-бүлөсүнө 80 миң доллардан компенсация сунуштады. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский «ТСН. Неделя» телеберүүсүнө берген маегинде билдирди.

«Алар каза болгондордун ар бир үй-бүлөсүнө 80 миң доллардан сунушташты, бирок биз буга макул болгон жокпуз. Менин оюмча, бул аз. Каза болгон күйөөсү үй-бүлөсүн жалгыз багып келгенин жана баласы университетке тапшырышы керек экенин айткан аялдарга 80 миң доллар аз деп ойлойм», — деди ал.

Зеленский ошондой эле Украина эл аралык сотко доо арыз бере турганын кошумчалады.

«Кандай гана болбосун, эл аралык сот, компенсация, компенсациянын жарымы болот. Биздин мамлекеттен ар бир үй-бүлөгө дароо 200 миң гривенден берилген. Экинчи компенсация камсыздандыруу компаниясы аркылуу “Эл аралык Украина авиалиниясы“ компаниясынан берилет. Ал жакта абал кыйын, камсыздандыруу компанияларга Иран тарап менен иштешүү оңой эмес. Анткени Иран санкция алдында турат», — деди президент.

Количество просмотров: 383