Ак үйдүн башчысы Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский келерки аптада Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынынан кийин жолугары күтүлүүдө.
Бул тууралуу Reuters агенттиги АКШнын расмий өкүлүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Бир күн мурда Израилдин Украинадагы элчиси Майкл Бродский Зеленский менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Нью-Йоркто жолугушарын айткан.
Украин лидери сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барып, өзүнүн “тынчтык формуласын” сунуштары кабарланууда.
БУУнун Башкы ассамблеясы келерки аптада чогулат.