• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Зеленский менен Эрдоган Стамбулда жолугат

7 Теке 2023 18:05 Бишкек Govori.TV

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугары күтүлүүдө.

Стамбулдагы сүйлөшүүлөр кийинки жумада өтө турган НАТОнун саммити жана Кара Деңиз аркылуу украин данын экспорттоо макулдашуусу тууралуу болот. Мурдагы келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. Орусия келишимди узартууга негиз көрбөгөнүн айтып, азырынча баш тартууда.

Зеленский Түркияга Прагадан жол тартат. Бир күн мурда украин президенти Чехияга барып, президент Петр Павел менен жолуккан.

Зеленский Прагада өткөргөн маалымат жыйында Украинанын контрчабуулу тууралуу айтып, «жай жүрүп жатса да, орустардай чегинбей, алдыга баратабыз» деди.

Мурдараак украин президенти журналисттерге Батыш курал жабдыкты өз убагында жеткирбегендиктен, Орусия басып алган аймактарда коргоонууну бекемдеп алууга жетишкенин айткан.

Чех президенти Петр Павел Украинанын НАТОго жана Евробиримдикке кошулуусун колдорун айтып, Киев орус агрессиясынан коргонуу жаатында ар дайым Прагага таянса болорун билдирди.

Ал арада Украинанын чыгышында соңку бир суткада 30тай кагылышуу болгону кабарланды.

Украин бийлиги 6-июлда Украинанын Львов шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан мерт болгондордун саны онго жеткенин билдирди. Жараат алгандардын саны кырктан ашты.

Количество просмотров: 119