Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларус элине видео кайрылуу жасап, Украина Беларустун аймагында Орусия менен сүйлөшпөй турганын билдирди.
Зеленский эгер Беларустун аймагынан агрессивдүү аракеттер болбогондо Киев Минскиде Москва менен сүйлөшүү жүрүзмөк экенин белгиледи.
Ал сүйлөшүүгө даяр экенин, согушту токтотуп тынчтыкты кааларын айтты. Алар сүйлөшүү жүргүзүү үчүн орус тарапка Варшава, Братислава, Будапешт, Стамбул, Баку сыяктуу шаарларды сунуштаганын кошумчалады.
Буга чейин Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус делегациясы Беларуска келгенин жана Гомелдеги сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген.