• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Зеленский Путинге: Мени менен сүйлөш, эмнеден коркосуң?

4 Жалган куран 2022 9:47 Бишкек Govori.TV

Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-марттын кечинде кенен басма сөз жыйынын өткөрүп, Батыш өлкөлөрүн Киевге аскердик жардамын күчөтүүсүн өтүндү.

Украин лидери Орусиянын президенти Владимир Путинди түздөн-түз сүйлөшүүгө чакырды.

“Бирок Макрон, же Шольц жана башкалар менен олтургандай 30 метрлик аралыкта эмес. Мен деген коңшумун да! Мени 30 метр алыс отургузуштун кереги жок. Мен тиштеп албайм. Мен катардагы жигитмин. Мени менен сүйлөш, эмнеден коркосуң? Биз эч кимге коркунуч жаратпайбыз, биз террорчу эмеспиз”,- деди украин президенти.

Количество просмотров: 3130