• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Зере «Кыз» аттуу ыры менен интернет колдонуучуларын чоң эки жээкке бөлдү

17 Аяк оона 2018 10:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Зере «Кыз» аттуу ыры менен интернет колдонуучуларын чоң эки жээкке бөлдү. Бири ырчы кызды колдогон жоон топ болсо, экинчи ага наалат айтып жектегендер! Учурда жаш ырчыны талкуу кылбаган булактар калбады көрүнөт. ФБ баракчасында жаш кыздар Зерени колдоп флешмоб өткөрүп, ич кийимчен сүрөткө түшүшүп өз баракчаларына жайгаштырып жатышат.

Зерени колдогон атактуулардын катарын коомдук ишмер Эдил Байсалов, укук коргоочу Рита Карасартова, журналист Дайырбек Орунбеков толуктады.

Зере кыздын "Эркидигибиз" аттуу жаңы ыры жөнүндө жарым саат мурун орун алган бир Жаш Жигит замандашыбыз менен тартыш…

Опубликовано Эдил Байсалов Воскресенье, 16 сентября 2018 г.

Ал эми акын Темирлан Ормуков ырчы кыздын ырына жана клибине катуу сын айтты. Анын жазган сын пикирин өзгөртүүсүз беребиз.

Ал эми Зеренин атасы өз баракчасына кызын колдогондорго ыраазычылык иретиндеги билдирүү жазды.
«Үч күндөн бери ар тараптан колдоо көрсөтүп, өз пикирин билдирген досторума, замандаштарыма терең ыраазычылык билдиремин. Ааламдагы түркүн түстөр сымал ар түрдүүлүгүбүз, ар башка дүйнө таанымыбыз менен уникалдуубуз. Кайсы бир философтун «Менден башкача ойлонгон, жашаган адамды терең урматтайм, ал менден өзгөчөлөнүү менен дүйнө таанымымды дагы тереңдетүүгө өбөлгө түзөт» дегени бар. Ашынган улутчулдар менен ашыкча диндарларга кыска жооп: Мен үчүн негизги баалуулук бул — адам. Адамдын баалуулугун динден, салттан, улуттан, достуктан, керек болсо тууганчылыктан дагы жогору коем. Адам бололу!»,-деп жазылат билдирүүдө.

 

Количество просмотров: 71