• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү?

29 Чын куран 202014:52 Бишкек Govori.TV

Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү? Эгерде узартылса, ал тууралуу качан жарыяланат?» деген суроого жооп берди.

«Бул жөнүндө азырынча айтуу кыйын. Анткени бул маселе мамлекеттик кызматкерлерден көз каранды эмес. Ал бардык жарандардан жана эпидемиялык кырдаалдан көз каранды болот. Учурда белгиленген чектөөлөрдү карманып, өтө зарыл учур болбосо шаар ичинде жүрбөшүбүз керек. Бул биздин жарандык парзыбыз», — деди Боронов.

Количество просмотров: 689