• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзгөчө абал: Журналисттерге аккредитация берилбейт

30 Жалган куран 2020 9:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн өкмөттүн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат берди. Анда ал өзгөчө абалды чагылдыруу үчүн журналисттер аккредитациядан өткөрүлбөй калганын айтып, аларга онлайн иштөөнү сунуштады.

«Буга чейин өзгөчө абал учурунда маалыматты чагылдыруу үчүн Жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитациядан өткөрүлөрү айтылган болчу. Жалпы жагдайга байкоо жүргүзгөн соң, журналисттердин коопсуздугу үчүн аккредитация бербей турган болдук»,-деди комендант.

Орозалиев, ЖМК өкүлдөрүн онлайн иштөөгө жана туура маалымат берүүгө чакырып өттү.

Количество просмотров: 242