Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө боюнча расмий маалымат таратып, министр Бообек Ажикеев кайрылуу жасады.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-январь күнү, КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык саат 00:09да Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын шаарларында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлеринде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
«Социалдык тармактарда жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз»,-деп жазылат маалыматта.