• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты

29 Үчтүн айы 202513:53 Бишкек Govori.TV

30-январынан 1-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50,74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна, Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл

Количество просмотров: 348