• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги оор инженердик техникалуу болду

1 Теке 2021 14:15 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын «Суу ресурстарын жаратылыштын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында алынган оор инженердик техникалар тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул техникаларга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн иштелип чыккан ар кандай модификациядагы 28 экскаватор, 8 жүктөгүч, 7 бульдозер, 2 автогрейдер, 8 кран манипулятор, 4 автокран, 10 самосвал, 2 көчмө авто оңдоочу жай, 4 күйүүчү май ташуучу унаа, 40 тонна жүк көтөрүмдүүлүккө жарамдуу 8 жүк ташуучу трал менен трактор, 2 жүргүнчү ташуучу кичи автобус жана 2 жүргүнчү ташуучу жеңил унаа кирет.

Белгилей кетүүчү жагдай, ӨКМ алгачкы жолу мындай ири сандагы оор инженердик техникалар менен камсыздылды. Бул техникалар ӨКМдин материалдык-техникалык базасын жаңы тепкичке көтөрүү менен, министрликтин жасаган ишинин сапатын жана эффектүүлүгүн жакшыртууга чоң салым кошот. Техникалар өлкөбүздүн аймагындагы ӨКМдин башкармалыктарына таратылып, өзгөчө кырдаалдардын, табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алууга колдонулат.

Количество просмотров: 184