Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 31-май күнү Пара берүү беренеси боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.Ж. кармалды.
«Ж.Ж. акчаны бийликтен аша чабуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн берген»,-деп айтылат маалыматта.
Шектүү Ош гарнизонунун абагына киргизилип, тергөө жүргүзүлүүдө.