• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзгөн: Каналдан эркек кишинин сөөгү табылды

27 Баш оона 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы Өзгөн каналынын жээгинен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене жаткандыгы тууралуу «102» кызматына билдирүү түшкөн.

Жерине үч куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 133